Кыргыз Республикасынын желегинин кабыл алынган күнүнө жана Ак калпак күнүнө карата салтанаттуу линейка өткөрүлдү
Свердлов районунун И В.Гете атындагы 23 ОТКГда бүгүн 04.03.24 ж. Кыргыз Республикасынын желегинин кабыл алынган күнүнө жана Ак калпак күнүнө карата администрация мугалимдери, окуучулар менен салтанаттуу линейка өткөрүлдү.
КРнын желеги жана ак калпак жөнүндө маалыматы менен, КРнын желегин алып чыгуу аземи, флешмоб,бий менен окуучулар жылуу маанайды тартуулашты. Гимназиянын директору Жолчиева Аелита Алибековна окуучуларды кош майрамы менен куттуктап, окуучуларды өз ата журтун сүйүүгө, анын байлыктарын коргоого барктоого, журөгүнүн төрүндө сактоого жана даңазалоого чакырды.
Комментарии