«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамынын 34-жылдыгына карата жана Чынгыз Айтматовго 95 жыл иш-планынын негизинде өткөрүлгөн иш чаралардын топтому
Свердлов районунун И.В.Гете атындагы №23 ОТКГнын 23-сентябрь «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамынын 34-жылдыгына карата жана Чынгыз Айтматовго 95 жыл иш-пландын негизинде 20.09-15.12.23 жылда үч айлык иш чара жарыяланган. Иш-пландын негизинде ачык сабактар, класстан тышкаркы иш чаралар, видео-слайддар, көркөм окуу сынагы, 23-сентябрь жана 12 декабрда «Кыргыз тили жана Айтматов ааламы аттуу окуучулар менен иш чаралар өткөрүлгөн . Райондук көркөм окуу сынагында 3-Б-классынын окуучусу байгелүү орунга ээ болду. «Урааным Манас» кыймылына мыкты манасчы окуучуларды даярдаган мугалимдер Джунушалиева А.Н, Табылдиева М.А. райондук билим берүү башкармалыгынын ардак грамотасы менен сыйланышты. Жалпы мугалимдер жамааты Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынын үзүндүлөрүнө окуучуларды даярдап адабий кече өткөрүштү, китепканада Чынгыз Айтматовдун чыгармачылык бурчу уюштурулган, Стенддер, дубал гезиттер жасалды. 3 айга жарыяланган шаардык, райондук иш чараларга активдүү катыша алдык.
Комментарии