“Тамекисиз мектеп” темасы боюнча №23 окуу-тарбия-комплекси-гимназиясында семинар өткөрүлдү
Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү департаментинин жылдык планына ылайык, мектеперде 22-январдан 1-февралга чейин “Тамекисиз мектеп” (“Школа –без табака”) декадасы жүрүүдө.
Аталган декаданын алкагында 2024-жылдын 25-январь күнү Свердлов райондук Билим берүү башкармалыгына караштуу №23 окуу-тарбия-комплекси-гимназиясында райондун мектеп директорлорунун тарбиялык иштер боюнча орун басарлары үчүн семинар өткөрүлдү.
Семинардын катышуучулары “Тамеки тартуу – адамдын зыяндуу адаттарынын бири”, “Тамеки тартуу же тартпоо! Өзүн чеч!” темасы боюнча класс жетекчилер Юн Вера Юрьевна жана Исмаилова Назгуль Аскеровна тарабынан жогорку деңгээлде даярдалган ачык класстык сааттарга катышышты.
Мисалы, “9г” классынын окуучулары менен өткөрүлгөн ачык сабакта, окуучулар “журналисттер”, “юристтер”, “дарыгерлер” жана “спортсмендер” деген 4 топко бөлүнүшүп, алар ачык класска даярдануу учурунда класс жетекчиси Юн Вера Юрьевна менен чогуу Республикалык неврология жана писихиатрия борборунда болушуп, наркологиянын өспүрүмдөр врачы жана психолог менен жолугушуп, алардан көп маалыматтарды алышкандыгын билдиришип, ошол маалыматтар боюнча тамекинин зыяндуулугу жөнүндө айтып беришти.
Андан кийин катышуучулар №23 мектептин директорунун тарбиялык иштер боюнча орун басары Шарафидинова Асель Маратбековнанын “Тамекисиз мектеп” декадасы боюнча презентациясын көрүштү.
Презентациядагы декаданын алкагында мектеп окуучулары тарабынан Бишкек шаарынын көчөлөрүндө өткөрүлгөң “Тамекинди момпосуйга алмаштыр” аттуу акциясы өзгөчө жагымдуу болду.
Андан соң, мектептин психологу Асанов Алишер Акылбекович “Тамеки тартуу” темасы боюнча өзүнүн презентациясы менен тааныштырды.
Андан сырткары, семинардын катышуучулары мектептин Агитбригадасынын “Биздин жүрөгүбүздү аздектегиле” темасы боюнча даярдалган бийге жана “тамеки чекпөөгө чакырган” көрсөтүүсүнө күбө болушту.
Семинардын жыйынтыгында, райондун мектеп директорлорунун тарбиялык иштер боюнча орун басарлары бүгүнкү семинардан №23 мектептин декада боюнча иштери эле эмес, жалпы эле тарбиялык багыттагы иштеринин жакшы жолго коюлгандыгына күбө болгондуктарын белгилешип, мектептин директору Жолчиева Аэлита Алибековнага жана анын орун басары Шарафидинова Асель Маратбековнага ыраазычылыктарын билдиришти жана мындан аркы ийгиликтерди каалап кетишти.
Комментарии