Тил дипломун ыйгаруу аземи
Бүгүн И.В. Гёте атындагы №23- мектеп- гимназиясында 11-класстын окуучуларына жогорку деңгээлинин экинчи даражадагы тил дипломунун ыйгаруу аземи болуп өттү. Аталган иш-чарага Германия Федеративдүү республикасынын элчилигинин билим жана маданият өкүлү Мариель Брандт, немис тилинин чет өлкөдө билим берүү борбордук башкармалыгынын башчысы Штефан Демут, немис тилинин мугалимдер союзунун жетекчиси Мамбетова Замира Кыдырмышевна келип катышышты жана окуучуларга өздөрүнүн куттуктоо сөздөрүн айтышты. Гимназиянын 19 окуучусу жогорку деңгээлинин экинчи даражадагы тил дипломуна ээ болушту. Бул диплом 11-классынын бүтүрүүчүлөрүнө Германиянын жогорку окуу жайларында билим алууга чоң мүмкүнчүлүк берет. Салтанат ата-энелердин куттуктоосу, окуучулардын немис тилиндеги ыр -бийлери, каалоо-тилектери жана дипломант тардын заманбап бийи менен шаңдуу аяктады.
Комментарии