НЕМИС ТИЛИ МУГАЛИМДЕРИНИН КУРУЛТАЙЫ
И.В. Гете атындагы №23 Окуу — тарбия комплек-гимназиясынын немис тили мугалимдери Эл аралык немис тили мугалимдеринин XIV курултайына катышып, билимдерин өркүндөтүп, кезектеги сертификаттарын алып кайтышты. Аталган курултай “2024-жылдын 27-28 апрелинде Бишкек шаарындагы “Креатив – Таалим” билим берүү комплексинде болуп өттү.
Курултайга Германия Федеративдик өлкөсүнөн Хүбер, Корнельзен, Клетт ири басмаканаларынын өкүлдөрү, Өзбекстандан, Казакстандан немис тили мугалимдери катышышты. №23 гимназиянын немис тили мугалими, Республикалык “Жылдын мыкты мугалими 2024” сынагынын райондук этабынын жеңүүчүсү Калтаева Чолпон Иманбекова курултайдын катышуучулары үчүн “Санариптик куралдарды немис тили сабагына колдонуу” аттуу темада тажпыйбасын бөлүштү.
Мугалимдер үчүн тажрыйба алмашуу жана билимин өркүндөтүү өтө маанилүү. Гимназиябыздын мугалимдери дайыма алдыңкылардан болуп, ар кандай иш чараларда активдүүлүгүн көрсөтүп келишет.
Комментарии